Биз социалдык тармакта

Италияда социалдык тармактарды балдарга тыюу салууну колдоого алышууда

Италиялыктардын дээрлик 90 пайызы жашы жете электердин социалдык тармактарга кирүүсүн чектеген мыйзамды колдойт. Бул тууралуу Corriere della Sera гезити Demetra изилдөө компаниясы жана Fondazione Patti Digitali Ets фондунун сурамжылоосуна таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, респонденттердин 35 пайызы социалдык тармактарды колдонууга чектөө жаш курак 16 жаштан башталышын, ал эми 20 пайызы 14 жаштан болушу керек деп эсептешет.

Ошондой эле катышуучулардын 68,2 пайызы смартфон жана социалдык тармактарды ашыкча колдонуу жаштардын учурдагы көйгөйлөрүнүн негизги себептеринин бири экенин белгилешкен.

Сурамжылоого ылайык, жарандардын 75,6 пайызы жаш өспүрүмдөр үчүн генеративдик жасалма интеллект чат-ботторуна да кирүүгө чектөө киргизүүнү колдойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан