Бүгүн, 25-январда мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында Иштерман жылына карата өлкө боюнча ар кандай тармактагы кызматкерлердин жумушундагы жетишкендиктери үчүн аларды мамлекеттик сыйлыктар, грамота жана медалдар менен сыйлоо салтанаты өтөт. Республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык жана ак ниет эмгеги, эрдиги үчүн сыйга татыктуу болгондор өлкөнүн бардык аймактарынан чакырылган.
КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарын көңүлгө алуу менен бирге өлкөнү туруктуу өнүктүрүү милдеттерин чечүүдө Кыргызстандын элинин күч-аракетин бириктирүү максатында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык 2013-жыл Иштерман жылы деп жарыяланган эле.