Биз социалдык тармакта

Лавров: "Орусия Украина боюнча сүйлөшүүлөргө ачык бойдон калууда"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө ачык экенин билдирди. Бул тууралуу пикирин ал Кытайдагы иш сапарынын жыйынтыгында маалымат жыйын берип жатып айткан.

"Коммерсанть" басылмасы жазгандай, Лавров Пекинге 14-апрелде расмий сапар менен барган.

"Дональд Трамп жана президент Путин демилгелеген сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу билүү зарыл. Биз бул сүйлөшүүлөрдү колдоп, аларды улантууга даяр экенибизди билдирүүнү улантып жатабыз",- деген ал.

Министр кошумчалагандай, Орусия менен АКШнын ортосундагы Аляскада жетишилген келишимдерге Европанын башкаруучу элитасы тоскоолдук кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан