2013-жылы жумушунда мыкты жыйынтык көрсөткөн 127 кызматкер мамлекеттик сыйлык менен сыйланат

Бүгүн, 25-январда Иштерман жылында артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты өтөт. 

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, 2013-жылы жумушунда мыкты жыйынтык  көрсөткөн 10 кызматкерге  мамлекеттик  “Даңк” медалы тапшырылат. 

Анда Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абирова, ӨКМнын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун башчысынын орун басары Маматосмон Аматов, Ош шаарынын 52870-аскер бөлүмүнүн командиринин орун басары Максут уулу Жаныбек, Кызыл-Кыя ШИИБинин тергөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү Абдисалам Нарматов, Чек ара кызматынын 2026-аскер бөлүмүнүн “Дейрес” чек ара заставасынын өкүлү Бактыбек Узенбаев, “Автомаш-Радиатор” ЖЧКнын кеңешчиси, Фуксман Зяма, “Түндүк электр” АККынын Кара-Буура райондук электр станциясынын диспетчери Рысбүбү Чолпонкулова, “Кара-Балта” спирт заводунун башчысы Валентина Шевченко, “ЭлДан Аталык” ЖЧК жана “Үмүт жана Ко” ЖЧКсы сыйланат. 

Мындан сырткары КРнын Президентинин Ардак грамотасы менен 111 жана “Эрдик” медалы менен 6 кызматкер сыйланмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан