
Meta компаниясы башкы директору Марк Цукербергдин санариптик көчүрмөсүн иштеп чыгууда. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылууда.
Маалыматка ылайык, жаңы технология компания кызматкерлери менен реалдуу убакыт режиминде баарлаша алган ЖИ-клонду түзүүнү көздөйт. Бул демилге “жеке супер интеллект” стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда.
Санариптик аватарды түзүү үчүн Цукербергдин үн жазуулары, сүрөттөрү жана көптөгөн коомдук сүйлөгөн сөздөрү колдонулат. Бул анын сүйлөө манерасын, кыймыл-аракетин жана баарлашуу стилин так кайталоого мүмкүндүк берет.
Белгиленгендей, Цукерберг өзү да бул 3D-аватарды окутуу жана сыноо иштерине катышууда. Келечекте мындай ЖИ-клон жетекчини айрым учурларда алмаштырып, кызматкерлер менен байланыштын эффективдүүлүгүн жогорулатат деп күтүлүүдө.