Биз социалдык тармакта

Йемендеги суу ташкыны 22 адамдын өмүрүн алды

Йемендин түштүгүндөгү Таиз шаарында суу ташкынынын кесепетинен 22 адам каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар өлкөнүн SABA агенттигине таянып билдиришти.

Расмий маалыматтарга ылайык, дагы 21 адам дайынсыз болууда. Ошондой эле жүздөгөн үйлөр жабыркап, 12 миңден ашык үй-бүлө коопсуз жайларга көчүүгө аргасыз болгон.

Суу ташкыны инфраструктурага, жолдорго, айыл чарба жерлерине жана экономикага олуттуу зыян келтирген. Буга байланыштуу бийлик өкүлдөрү бул аймакка гуманитардык жардам көрсөтүү зарылдыгын билдиришкен.

Өкмөттүк делегация кырсыктын кесепеттерин жеринде баалоо үчүн Таиз шаарына жөнөп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан