АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Иран менен боло турган сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында америкалык делегацияны жетектеши мүмкүн. Бул тууралуу CNN ишенимдүү булактарына таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөргө АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Стив Уиткофф жана АКШ лидеринин күйөө баласы Жаред Кушнер катышары күтүлүүдө.
"Вэнс АКШ делегациясын Ирандын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына алып барары күтүлүүдө",- деп айтылган анда.
Ошондой эле Трамп делегация өкүлдөрүнө дипломатиялык чечим табууну тапшырганы белгиленген.
"Трамп үч башкы кеңешчисине дипломатиялык чечим табууну тапшырды жана бул маселеде аларга ишенүүнү улантууда",- деген ишенимдүү булак.