Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкө ар дайым сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок Иранды мажбурлап багынтууга болгон аракеттер ийгиликсиз болорун билдирди. Мындай билдирүүнү президент Тегерандагы шашылыш жардам көрсөтүү борборуна барганда жасаган.
Ал эл аралык системадагы "кош стандарттарды" сынга алып, өлкөлөргө каршы жасалган аскердик чабуулдар жалпы кабыл алынган эл аралык принциптерге каршы келерин баса белгиледи.
Ошондой эле АКШ менен Израилдин Иранга карата аракеттерин мыйзамсыз деп атады.
"Балдарга, окумуштууларга сокку урууга, мектептер менен ооруканаларды талкалоого эл аралык укук же гуманитардык принциптер кандайча негиз бере алат? Иран согушка жана туруксуздукка умтулбайт жана ар дайым ар кандай өлкөлөр менен диалог жана конструктивдүү кызматташуу маанилүү экенин белгилеп келген. Бирок өлкөнү багынууга мажбурлоо аракеттери ийгиликсиз болот. Иран эли мындай мамилени эч качан кабыл албайт", - деп билдирген ал.