АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен ок атышпоо келишимин узартууну каалабай турганын билдирди. Бул тууралуу ал америкалык ABC телеканалына маек берип жаткан учурда айткан.
Анда Трамп элдешүүнү узартуу жөнүндө планы жок экенин жана согуш эки тараптуу келишим менен же АКШ Ирандын мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу менен аякташы мүмкүн экенин белгилеген.
Ошол эле учурда Трамп эки тараптуу келишимге жетишүү артыкчылыктуу кадам экенин айткан. Эгер андай абал менен токтосо, Иран кайра калыбына келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун кошумчалаган.