Өлкө башчы: "Көйгөйлөр да бар, бирок кемчиликтерди гана көрүп жашап калган туура эмес"

Бүгүн, 25-январда 2013-Иштерман жылында артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты өтүүдө. Анда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жылдагы  экономикалык жетишкендиктерге токтолуп өттү. 

Президент жаштардын арасында "мамлекет үчүн мен эмне кыла алам?" дегендер көбөйгөнүн айтып өттү. 

“Биздин негизги көйгөйлөрүбүздүн бири улутчулдук жана аймактарга бөлүнүүчүлүк. Кыргызстанды бөлүп жарууга кызыккандар жок эмес. 

“Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей, биз алдыга кете беребиз. Азыркы күндө эл кыйкырыктарга ишенбей калды. 

Биз коррупцияга каршы күрөштү баштадык, ушул жолубузду уланта беребиз. 

Электр энергия тармагында көйгөй жок деп айтпайм, бирок жарыктын өчүрүлүшү азайып калды десек болот. 

Азыр эл уурдаган туура эмес экенин билип калды. Менин туугандарым кандайдыр бир мыйзамсыз иштерге кийлигишсе алар жазасын алышат. 

Журналисттер капа болушпасын, бирок гезиттерди окубай калдым. Кемчиликтерди гана көрүп, жазгандар бар”,- деди президент

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан