Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Пакистандагы Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрүн талкуулады. Бул тууралуу Ирандын ТИМи билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
“Аракчи Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаалдын өнүгүшүн, ошондой эле Исламабаддагы Иран-АКШ сүйлөшүү процессин талкуулады”, - деп айтылат билдирүүдө.
Иран ТИМи башка кошумча маалымат берген эмес.