Германия Украинага Patriot абадан коргонуу системалары үчүн жүздөгөн ракеталарды кийинки төрт жыл ичинде этап-этабы менен жеткирүүнү пландоодо. Бул тууралуу Германиянын коргоо министри Борис Писториус маалымат жыйынында билдиргендигин немис басылмалары жазышты.
Анын айтымында, абадан коргонуу системаларын камсыздоо Германиянын негизги приоритеттеринин бири болуп саналат жана жеткирүүлөр узак мөөнөткө бөлүштүрүлөт.
Украинанын президенти Владимир Зеленский учурдагы согуштук кырдаал фонунда Patriot системалары үчүн ракеталардын жетишсиздиги күчөгөнүн белгилеген.
Ошондой эле Украинанын коргоо министри Михаил Фёдоров Германия менен курал-жарак өндүрүшү жана каржылоо боюнча жалпы суммасы 4 миллиард еврого жакын үч документ макулдашылганын билдирди.