Чек арачылар Таластан огу менен курал табышты. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 24-январда Талас чек ара отрядынын аймагында чек арачылар тарабынан 28 калибрлүү мергенчилик куралын 5 огу менен табышкан. Тиешелүү документтер түзүлүп, курал милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.