Алмазбек Атамбаев: "Кыйын кезеңде эч нерсеге карабай, өлкөнү өнүктүрүү үчүн иштегениңерге ыраазычылык билдирем" 

Бүгүн, 25-январда 2013-Иштерман жылында артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты өтүүдө. 

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жыл экономикалык жетишкендиктерге токтолуп, өлкөнүн өнүгүүсүндө эл үчүн иштегендердин эмгеги зор экенин баса белгиледи. 

“Иштерман жылында эң жакшы жыйынтык көрсөткөндөрдү атайын комиссия кылдаттык менен тандап чыкканын билем. Кыйын кезеңде эч нерсеге карабай, өлкө үчүн иштегениңерге ыраазычылык билдирем”,- деди президент.

Салтанатка республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык жана ак ниет эмгеги, эрдиги үчүн Иштерман жылында сыйлыкка татыктуу болгондор өлкөнүн бардык аймактарынан чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан