Түркиянын Кахраманмараш шаарында мектепте ок чыгарган өспүрүмдүн атасы кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуядан кийин өспүрүмдүн атасы - мурдагы полиция инспектору кармалып, тергөө иштери башталды.
Губернатор Мүкеррем Үнлүэрдин айтымында, өспүрүм колдонгон куралдар атасына тиешелүү болушу мүмкүн.
Эске салсак, 15-апрелде Түркияда өспүрүм беш даана курал менен мектепке ок чыгарган. Натыйжада кеминде тогуз адам - бир мугалим жана сегиз окуучу каза болду. Мындан тышкары, 13 адам ар кандай жаракаттарды
алган.