Биз социалдык тармакта

Иран зарыл болгон учурда америкалык кемелерди чөктүрөрүн билдирди 

Иран бийлиги зарыл болгон учурда америкалык деңиз флотунун бардык кемелерин чөктүрөрүн билдирди. Бул тууралуу Ирандын жогорку лидеринин аскердик кеңешчиси Мохсен Резаи жергиликтүү басылмаларга маек берип жатып айткан.

Анда Мохсен Резаи АКШ бийлиги Ормуз кысыгын көзөмөлдөөгө аракет кылса, алардын бардык кемелерин жок кылышарын жана жээкке түшкөн аскерлер туткунга алынарын белгилеген.

"Ок атышпоонун мөөнөтүн узартуу биздин кызыкчылыгыбызга туура келбейт. Биздин ракеталар алардын кемелерине багыт алган, баарын чөктүрөбүз. Бизден эч ким качып кутула албайт. Чындап эле Трамптын максаты Ормуз кысыгын көзөмөлгө алуубу?",- деген Ирандын жогорку лидеринин аскердик кеңешчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан