Биз социалдык тармакта

АКШ Иранга материалдык жардам көрсөтүү аракеттерин токтотот

АКШ Иранга материалдык жардам көрсөтүүгө аракет кылган бардык кемелерге каршы чара көрөрүн билдирди. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Бириккен штаб башчылары комитетинин төрагасы генерал Дэн Кейн маалымдагандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, деңиз блокадасынын алкагында АКШ жана анын өнөктөштөрү:
• Иран желеги алдында жүргөн кемелерди,
• ошондой эле Иранга кандайдыр бир материалдык жардам жеткирүүгө аракет кылган башка кемелерди
активдүү түрдө токтотушат.
Мындан тышкары бул чаралар ирандык мунай ташыган танкерлерге да тиешелүү болот.
Белгилей кетсек, 13-апрелден тарта АКШнын аскер-деңиз күчтөрү Иран портторуна кирген жана чыккан бардык деңиз кыймылына блокада киргизген. Бул блокада дүйнөлүк мунай, мунай продуктулары жана суюлтулган газ жеткирүүлөрүнүн болжол менен 20 пайызы өтүүчү Ормуз кысыгына да таасир этет.
АКШнын билдирүүсүнө ылайык, Иран менен байланышы жок кемелер Ормуз кысыгы аркылуу эркин өтө алышат. Бирок алар Тегеранга өтүү үчүн акы төлөбөгөн болушу керек.
Ал эми Иран расмий түрдө мындай акы киргизгенин жарыялаган эмес, бирок буга байланыштуу пландар айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан