АКШ Иранга каршы киргизилген деңиз блокадасын бузууга аракет кылган кемелерге каршы күч колдонууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Бириккен штаб башчылары комитетинин төрагасы генерал Дэн Кейн маалымдагандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, блокаданы бузууга аракет кылган ар кандай кеме:
• алдын ала эскертүүчү ок атышууга туш болушу мүмкүн
• зарыл учурда АКШнын аскерлери кемеге чыгып, аны көзөмөлгө алат
Генералдын белгилешинче, мындай чаралар этап-этабы менен күчөтүлүп, кырдаалга жараша колдонулат.
Эске салсак, 13-апрелден тарта АКШнын аскер-деңиз күчтөрү Иран портторуна кирген жана чыккан бардык деңиз каттамдарына блокада киргизген. Бул Ормуз кысыгына да тиешелүү болуп, ал аркылуу дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүлөрүнүн болжол менен 20 пайызы өтөт.
АКШнын маалыматына ылайык, Иран менен байланышпаган кемелер Ормуз кысыгы аркылуу эркин өтө алышат, эгерде алар Тегеранга өтүү үчүн акы төлөбөсө.
Ал эми Иран мындай төлөмдү расмий киргизгенин жарыялай элек, бирок буга байланыштуу пландар айтылган.