Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 9-Майга карата 30 миллион сумдан (2,4 миң доллардын тегереги) берилет. Бул тууралуу Gazeta.uz. басылмасы жазды.
Анда айтылгандай, бул күнү ардагерлерге өзгөчө көңүл буруу, жалгыз бой жана аз камсыз болгон ардагерлердин турак жайын жакшыртуу, эскерүү жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.
"Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына жана майыптарына 9-май – Эскерүү жана урматтоо күнүнө карата 30 миллион сумдан бир жолку акчалай жөлөк пул берилет",- деп айтылат анда.
Ошондой эле эгемендүүлүк жылдарында кызмат учурунда курман болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, республика боюнча "Милдет, эрдик, кайрат!" деген ураандын алдында руханий-агартуу иш-чаралары, чыгармачылык кечелер, сынактар, спорттук мелдештер өткөрүлөт.