АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен Ливан 10 күндүк ок атышпоону макулдашууга жетишкенин билдирди. Бул тууралуу АКШнын лидери өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
Трамптын айтымына караганда, кечээ, 16-апрелде Израил менен Ливандын сүйлөшүүлөрү өткөн. Ага Ливан тараптын өкүлү Жозеф Аун жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху катышкан.
"Мен эки тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм. Алар ок атышууну 10 күнгө токтотууга расмий түрдө макулдашышты",- деп жазган Трамп.
Мындан тышкары, АКШнын президенти эки өлкөнүн лидерлерин бекем тынчтыкка жетүү үчүн Ак үйгө чакырарын жана ал бир-эки жуманын ичинде өтүшү мүмкүн экенин кошумчалаган.