Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстандын келечегине ишенбегендер да бар, бирок сиздер сыяктуу күжүрмөн эмгекчилер турганда мекенибиз өнүгөт” (Фоторепортаж)

Бүгүн, 25-январда 2013-Иштерман жылында артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты болуп өттү. КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жылы мыкты жыйынтык көрсөткөн 127 кызматкерге Ардак грамота, медалдарды тапшырды.

“Ушундай адамдарга сыйлык тапшырып жатып Кудайга ыраазы болдум. Күжүрмөн эмгектенгендер сыйлык алып жатат. 

Кыргызстан үчүн башка заман келди. Кудай өлкөбүзгө кут берип жатат. Ошону жакшы колдонсок бат эле өнүгүп кетебиз. Буйруса, Кыргызстандын келечеги кенен. Анткени эли башкача. Көпчүлүгү ишенбеши мүмкүн. Бардык кырдаалдан оңой чыккан, акыйкатсыздыкты жактырбаган эл биздин өлкөдө гана бар. 

Бир жарым жылдан кийинки шайлоодо саясий элита алмашат. Кийин элим деген, татыктуу президент келет деген үмүттөмүн. 

Мен мекенибиздин келечегине ишенем. Анткени сиздерге окшоп эмгектенгендер көп. Чек арачылар, куткаруучу, милиционерлер, дарыгерлер, дыйкандар, заводдо иштегендер сыйланып отурат. 

Сен кайсы тармакта, кайсы жерде иштебе мамлекет аны баалашы керек. Мамлекеттик кызматта иштегендердин айлык маянасын көтөрүүнү айтып келебиз. Айлык акыларды жогорулатууну баштадык. Эми ошол учурда биз иштеп турушубуз керек. Мындан артык сыйлыктарга да жетишиңерге тилектешмин. Ден соолугуңар чың болсун, үй-бүлөңөргө тынчтык каалайм”,- деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан