Мамлекет башчы Каныбек Осмоналиевге биринчи даражадагы “Манас” орденин тапшырды

Бүгүн, 25-январда 2013-Иштерман жылында артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты болуп өттү. КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жылы мыкты жыйынтык көрсөткөн 127 кызматкерге грамота, медалдарды  тапшырды. 

Салтанаттын жүрүшүндө Каныбек Осмоналиев биринчи даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

Каныбек Осмоналиев спорттун өнүгүшүнө жана келечек муунду тарбиялоого салым кошкондугу үчүн аталган орден менен сыйланып жатат. 

Эске сала кетсек, Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча “Москва-1980” Олимпиадасынын чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан