Мексикадагы зоопарктардын биринде Юдзи аттуу маймылга энесинин ордуна жумшак оюнчуктар колдонулууда. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, энеси таштап кеткенден кийин кичинекей маймыл жалгыз калбашы үчүн ага жумшак оюнчуктар берилип, алар аркылуу эмоционалдык колдоо көрсөтүлүүдө. Юдзи ар күнү эртең менен жумшак оюнчугун кучактап ойгонору айтылат.
Учурда бөбөктүн салмагы болгону 673 граммды түзөт. Адистер анын абалын дүйнөгө белгилүү Панчу аттуу маймыл менен салыштырышууда. Бирок Юдзинин айырмасы – ал азырынча өзүнүн түрүндөгү башка маймылдар менен физикалык байланышта боло элек.
Маалыматта белгиленгендей, бөбөк учурда көбүнчө клетканын ичинде кармалып, адистердин көзөмөлүндө багылууда.