Иран бийлиги Ливандагы ок атышууну токтотуу келишимине байланыштуу маанилүү чечим кабыл алды. Өлкөнүн тышкы иштер министри Х социалдык тармагына жазгандай, Ормуз кысыгы аркылуу бардык коммерциялык кемелердин өтүүсүнө убактылуу толук уруксат берилди.
Маалыматка ылайык, бул чечим ок атышпоо режими күчүндө турган мөөнөттүн ичинде гана жарактуу болот. Кемелер Ирандын Порттор жана деңиз уюмдары алдын ала белгилеген координацияланган маршруттар аркылуу өтүшү керек.
Бул кадам Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну азайтуу аракети катары бааланууда.
Белгилей кетсек, Ормуз кысыгы — дүйнөдөгү эң маанилүү энергетикалык жолдордун бири болуп, глобалдык мунайдын болжол менен 20 пайызы ушул жер аркылуу ташылат.