Өзбекстанда турак үйдө газ жарылып, 4 адам каза болду
Өзбекстандын Ташкент облусунда турак үйдө газдын жарылуусунан төрт адам каза болду. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып билдирди.
Маалым болгондой, окуя 16-апрелде болгон. Жарылуудан кийин чыккан өрттүн кесепетинен төрт адам, анын ичинде үч бала каза болгон.
Дагы эки жабырлануучу оор абалда ооруканага жаткырылган.