АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясында кеминде 3,5 миңдей адам курман болду. Бул тууралуу Ирандын бийлик өкүлү Сейед Ахмад Мосави билдиргенин эл аралык басылмалар жазышты.
Ал тактагандай, жаңжал башталгандан бери 3468 жаран каза болгону тууралуу маалымат бар.
Белгилей кетсек, 28-февралдан бери АКШ, Израил жана Ирандын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатат. Буга чейин тараптар ок атышууну 2 аптага токтото турууну макулдашууга жетишкен. Ага удаа, 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.
Учурда сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы күтүлүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча Иран бийлиги Вашингтондун ашыкча талаптарынан улам АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуудан баш тартты.