Биз социалдык тармакта

Малайзияда ири өрт чыгып, миңге жакын үй күйүп кетти

Малайзиянын Сабах штатында ири өрт чыгып, миңге жакын үй күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, тилсиз жоо 19-апрелге караган түнү башталган. Анын кесепетинен 9 миңден ашуун адам жабыркап, өрттү өчүрүүгө жалпы 37 куткаруучу тартылган.

Бул конушта негизинен аз камсыз болгон тургундар, анын ичинде жергиликтүү эл жана жарандыгы жок адамдар жашап келишкен. Жергиликтүү өрт өчүрүү кызматы катуу шамал жана үйлөрдүн бири-бирине өтө жакын жайгашканы өрттүн тез жайылышына себеп болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан