
Индиянын Тамилнад штатында жайгашкан фейерверк чыгаруучу фабрикада күчтүү жарылуу болуп 23 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Окуя Вирудхунагар районундагы Vanaja Fireworks ишканасында катталган. Жарылуунун күчү чоң болуп, үч имарат толугу менен кыйраган.
Куткаруу иштеринин жүрүшүндө экинчи жарылуу катталып, бир өрт өчүрүүчү да оор жаракат алганы айтылды. Азыркы учурда жаракат алган 6 киши райондук ооруканада дарыланууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, фабрика мыйзамдуу иштеп келген. Бирок жарылуудан кийин ишкананын ээси качып кеткен. Учурда полиция ага карата кылмыш ишин козгоп, аны издөө иштери жүрүп жатат.