Японияда жер титирөөдөн кийин 20 миңден ашуун адам эвакуацияланды
Япониянын Хоккайдо аралынын жээгинде магнитудасы 7 балл болгон жер титирөө катталды. Болгон жер титирөөдөн кийин өлкөнүн түндүк-чыгыш аймактарында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, миңдеген тургундар эвакуацияланышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышуууда.
Маалыматка ылайык, Иватэ префектурасында кеминде 20 миң адам коопсуз аймактарга чыгарылды. Айрыкча жээкке жакын шаарларда эвакуация кызуу жүрүүдө.
Оцути шаарында 9,6 миңден ашуун тургун эвакуацияланса, Камаиси шаарында 11 миңге жакын адам коопсуз жайларга көчүрүлдү.
Адистердин маалыматына караганда, учурда цунаминин максималдуу бийиктиги 80 сантиметрге жеткен. Ошого карабастан бийлик өкүлдөрү жээк аймактарында жашаган жарандарды сак болууга жана коопсуздук талаптарын так сактоого чакырууда.
Учурда абал көзөмөлдө, бирок куткаруу кызматтары мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу үчүн даярдыкты улантууда.