Кытай Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча ок атышууну жана бардык аскердик аракеттерди тез арада токтотууну колдойт. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин Жакынкы Чыгыштагы жана Перс булуңундагы учурдагы абалга токтолуп, Кытай ок атышууну дароо жана толук токтотууну жактай турганын белгиледи. Ошондой эле ал тынчтыкты калыбына келтирүүгө багытталган бардык аракеттерди колдоорун айтты.
Мындан тышкары, Пекин талаш-тартыштарды саясий жана дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын баса белгилеген.