Биз социалдык тармакта

Түштүк Кореяда жүк ташуучу унаа нааразычылык акциясына катышкандарды сүзүп кетти

Түштүк Кореяда жүк ташуучу унаа нааразычылык акциясына чыккан адамдарды сүзүп кетип, бир адам каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя Чинжу шаарына караштуу Чончхонмён районунда болгон. Анда 2,5 тонналык жүк ташуучу унаа логистикалык борбордун алдында митинг өткөрүп жаткан адамдарды сүзүп кеткен.

Окуя болгон учурда жүк ташуу тармагындагы кызматкерлердин профсоюзу нааразылык акциясын өткөрүп жаткан. Алар BGF Retail компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылышкан. Бул компания CU дүкөндөр тармагын башкарат.

Маалыматтарга караганда, нааразычылык акциялары 16-апрелде башталып, 11-майга чейин уланары пландалган.

Учурда окуянын бардык жагдайларын укук коргоо органдары иликтеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан