Биз социалдык тармакта

АКШ делегациясы Иран менен сүйлөшүү үчүн Исламабадга барат

Исламабад шаарына бүгүн кечинде АКШ делегациясы келип, Иран тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, делегациянын курамына АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс, ошондой эле атайын өкүлдөр Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер кирет.

Маалыматка ылайык, тараптар сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кылууда. Негизги максат - эки өлкө ортосундагы маселелерди дипломатиялык жол менен чечүү.

Азырынча жолугушуунун так күн тартиби жана талкуулана турган негизги темалар расмий жарыялана элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан