Биз социалдык тармакта

Жапонияда жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу: Миңдеген адамдар эвакуацияланды

Жапониянын түндүк-чыгыш аймагында күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Хонсю аралынын жээгинде, Тынч океанда катталган. Терметүүлөр Токио шаарында да сезилген.
Иватэ префектурасы аймагында бийиктиги 40 жана 80 сантиметрге жеткен эки толкун байкалган. Адистердин айтымында, мындай толкундар да цунами катары эсептелет.
Бийлик коопсуздук максатында кеминде 20 миң адамды эвакуациялоодо.

Жер титирөөдөн улам электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, транспорт системасына да таасир тийгизди.
Айрыкча, Синкансэн ылдам поезддеринин Токио менен Син-Аомори станциясынын ортосундагы каттамы убактылуу токтотулду.

Адистер жээк аймактарындагы тургундарды этият болуп, расмий эскертүүлөрдү так аткарууга чакырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан