Иранга каршы операция башталгандан бери кеминде 415 америкалык аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Пентагондун маалыматына таянып жазышты.
Маалым болгондой, согуштук аракеттер учурунда армиянын 271 кызматкери, деңиз флотунун 63, деңиз жөө аскерлеринин 19 жана аба күчтөрүнүн 62 кызматкери жарадар болгон.
Анда жарадар болгондордун көбү кызматка кайтып келгени белгиленген. Аскерлердин көбү ирандык учкучсуз учактардын чабуулунан жаракат алышканы айтылды.
Эске салсак, 28-февралдан бери АКШ, Израил жана Ирандын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатат. Өткөн жумада тараптар ок атышууну 2 аптага токтото турууну макулдашууга жетишти. Бул арада, 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.