Биз социалдык тармакта

Иран АКШнын коркутуусу алдында сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын билдирди 

Иран АКШнын коркутуусу алдында сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт. Бул тууралуу Иран парламентинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф айтканын IRNA агенттиги жазды.

"Биз коркутуулар алдында сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйбүз",- деген Галибаф.

Ошондой эле Иран парламентинин төрагасы акыркы эки жума ичинде Иран согуш талаасында жаңы кадамдарды жасоого даярданып жатканын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 8-апрелде Тегеран менен Вашингтон эки жумага ок атышпоо режимин жарыялаган. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы 11-12-апрелде Исламабадда өтүп, бирок жыйынтыксыз аяктаган.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын 20-апрелге белгилегенин билдирген. Учурда дагы деле сүйлөшүү өтүшү күмөн бойдон калууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан