Бүгүн, 21-апрелде Улуу Британиянын мурдагы ханышасы Елизавета II көзү тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Ал такта 70 жыл 214 күн отуруп, британ тарыхындагы эң узак мөөнөт бийлик жүргүзгөн монарх болуп калды.
Елизавета Александра Мария Виндзор 1926-жылы Лондондо, Йорк герцогу жана герцогинясынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал төрөлгөндө так мураскери болгон эмес. Бирок 1936-жылы анын таякеси падыша
Эдуард VIII тактан баш тарткандан кийин
Георг VI падыша болгон. Буга байланыштуу кызы Елизавета так мураскери болуп калган.
Ханыша Елизавета үйдөн билим алып, конституциялык тарых, укук жана француз тилдерин үйрөнгөн. 1945-жылы, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктай электе, бир нече ай бою аялдардын жардамчы аскер кызматында айдоочу жана механик болуп иштеген.

1947-жылы ноябрь айында ханыша мурда Греция жана Даниянын ханзаадасы болгон
Филипп Маунтбент менен баш кошкон. Жубайлардын төрт баласы болгон. Алар
Чарльз, Эндрю, Эдвард жана
Анна. Жолдошу Филипп 2021-жылдын 9-апрелинде 100 жашка жакын куракта көз жумган. Алардын никеси 73 жылдан ашык созулуп, дүйнөдөгү монархтар арасындагы эң узак никелердин бири болгон.
Елизавета II 1952-жылдын 6-февралында, атасы каза болгондон кийин, 25 жашында такка отурган. Таажы кийгизүү аземине 7 миңге жакын адам күбө болушкан. Бул иш-чара тарыхта биринчи жолу түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн. Британияда 27 миллион адам, дүйнө жүзүндө 100 миллионго жакын адам көргөн. Ханышанын башкаруу мезгилинде өлкөдө 15 премьер-министр алмашкан.
Улуу Британиянын мурдагы ханышасы Елизавета II тууралуу бир катар кызыктуу фактылар
- Ханышанын расмий түрдө айдоочулук күбөлүгү да, эл аралык паспорту да болгон эмес.
- Ал эл алдына чыкканда дайыма ачык түстөгү кийимдерди кийген. Бул эл аны эл алыстан оңой көрүшү үчүн жасалган.
- Анын жолдошу Филипп Маунтбеттен ханышанын алыскы тууганы болуп эсептелет.
- Ханыша ар дайым колуна сумка алып жүргөн. Бул аркылуу ал өзүнүн кызматкерлерине жашыруун белги берип турган. Мисалы, сумканы столго коюу - иш-чараны жакын арада бүтүрүү керек деген белги болгон.
- Елизавета IIнин ысымы 237 көчөгө берилген.

Ханыша 2022-жылдын 8-сентябрында 96 жаш курагында Шотландиядагы Балморал сарайында каза болгон. Улуу Британияда 9-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланып 19-сентябрга чейин уланган. Аны менен коштошууга 250 миңден ашуун адам келген. Ханышанын табыты коюлган Букингем сарайына чейин кезек 10 чакырымга чейин созулган.