Биз социалдык тармакта

Япония курал-жарактарды экспорттоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди

Япония бийлиги курал-жарактарды экспорттоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Япония өкмөтүнүн башкы катчысы Минору Кихара билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, мындай чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынган. Бул кадам тез өзгөрүп жаткан коопсуздук кырдаалында улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Кихара белгилегендей, бул кадам Япония жана анын союздаш өлкөлөрүнүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, Япония Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин курал экспорттоого чектөө киргизген. Мурдагы эрежелерге ылайык, аскердик өндүрүштү сыртка сатуу дээрлик мүмкүн болгон эмес. Учурда жаңы өзгөртүүлөр ушул чектөөлөрдүн бир бөлүгүн жумшартып, союздаш өлкөлөргө курал сатууга жол ачты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан