Биз социалдык тармакта

ЖМК: Күйүүчү майдын кымбатташынан авиакомпаниялар каттамдарын кыскартышууда 

Дүйнөнүн бир катар ири авиакомпаниялары күйүүчү майдын кымбатташынан улам каттамдарын кыскартып жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматтарга караганда, Нидерланддын улуттук авиакомпаниясы жана дүйнөдөгү эң эски авиакомпания катары эсептелген KLM Royal Dutch Airlines май айында 80 каттамды убактылуу токтоторун жарыялаган. Ошондой эле Германиянын ири компаниялары да айрым каттамдарын азайтууга мажбур болушканын кабарлашкан.

Адистер май айында дүйнөлүк авиакаттамдардын саны 3 пайызга төмөндөшү мүмкүн экенин белгилешкен. Бул Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу жана мунай жеткирүү жолдорундагы коркунучтар менен байланыштуу.

Белгилүү болгондой, учурда Жакынкы Чыгыштагы абал дагы деле туруктуу эмес. АКШ тарап сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билдиргени менен буга Иран бийлиги расмий жооп бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан