Биз социалдык тармакта

Түркиянын лидери мектептеги ок атуудан кийин куралга ээлик кылууну чектөөгө убада берди

Түркия бийлиги куралга ээлик кылууну чектейт жана аларды колдонуу эрежелерин бузгандарга жазаны катаалдатат. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Өлкө лидери мектеп жетекчилери менен укук коргоо органдарынын кызматташуусун арттырууга чакырды.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Түркия мектептеринин биринде ок атышуу болгон.

Эрдогандын айтымында, кылмыштуулуктун ыкмаларын кеңири баяндоо жана кол салууларды чагылдырган жаңылыктарды көрсөтүү балдар арасында коркунуч жаратат. Түрк президенти телекөрсөтүүлөрдө үй-бүлөгө басым жасап, жакшылыкка үндөгөн көрсөтүүлөргө көбүрөөк орун берилиши керек деп эсептейт

"Биз социалдык медиада жана санариптик байланыш платформаларында жалган, манипуляциялык жана зыяндуу мазмунду тараткан аккаунттарга каршы зарыл чараларды көрдүк",- деген ал.

Түркияда 21 жаштан өткөн, лицензиясы бар жарандар гана курал-жаракка ээ боло алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан