Биз социалдык тармакта

АКШ-Иран сүйлөшүүсү: Экинчи айлампада кандай маселелер талкууланат?

АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасында уранды байытуу маселесине жана Тегерандын Ормуз кысыгын көзөмөлдөөдөгү таасирине басым жасалат. Бул тууралуу Reuters агенттиги расмий өкүлдөрдүн жана талдоочулардын пикирине таянып билдирди.

"Акыр-аягы Ормуз кысыгы “кызыл сызыкка” айланат. Мурда бул маселе болгон эмес, азыр болсо маанилүү болуп калды. Оюндун эрежелери өзгөрдү",- деп билдирген Перс булуңундагы өлкөлөрдүн бириндеги булак.

Ошол эле учурда Тегерандын ракеталык программасын талкуулоо экинчи планга жылышы мүмкүн экени айтылууда.

Аймактагы айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрү жаңы сүйлөшүү стратегиясы Ирандын Жакынкы Чыгыштагы энергия жеткирүү тармагына көзөмөлүн күчөтүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө. "Энергетика жана коопсуздук жагынан алсыз өлкөлөр чечим кабыл алуу процессинен четте калышы мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы 22-апрелде, шаршемби күнү Исламабад шаарында өтөрү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан