Биз социалдык тармакта

Иран азырынча делегациясын Пакистанга жөнөтө элек экени айтылды 

Иран АКШ менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн азырынча делегациясын Пакистанга жөнөтө элек. Бул тууралуу Ирандын жергиликтүү басылмалары жазышууда.

Андагы маалыматка ылайык, учурда Ирандын негизги жана кошумча делегациялары жолго чыккан эмес. Бул жагдай сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү боюнча белгисиздикти күчөтүүдө.

Буга чейин америкалык CNN телеканалы АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы 22-апрелде Исламабад шаарында өтөрүн кабарлаган.

Бирок акыркы маалыматтарга караганда, сүйлөшүүлөрдүн так күнү бекитиле элек жана тараптардын ортосундагы чыңалуу дагы да сакталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан