Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө X социалдык тармагынын ишинде олуттуу мүчүлүштүк байкалууда.
Downdetector платформасынын маалыматына ылайык, көйгөй 20-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 16:26 чамасында башталган.
Эң көп арыздар АКШ аймагынан түшүп, 5 миңден ашык колдонуучу даттанган.
Мындан тышкары, Канада, Улуу Британия, Франция, Германия жана Бразилия сыяктуу өлкөлөрдө да көйгөй катталууда.
Колдонуучулар негизинен жаңылыктар лентасы жүктөлбөй, тиркеме туура иштебей, сайтта техникалык каталар чыгып жатканын билдиришүүдө
Учурда мүчүлүштүктүн себептери тактала элек, көйгөй жакын арада чечилет деп күтүлүүдө.