Биз социалдык тармакта

Британия бийлиги мектепте телефон колдонууга тыюу салууну көздөп жатат

Улук Британия бийлиги мектептерде уюлдук телефон колдонууга мыйзамдуу тыюу салууну көздөп жатат. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, башталгыч мектептердин 99,8 пайызында жана орто мектептердин 90 пайызында буга чейин окуу күнү гаджеттерди колдонууга чектөө же тыюу салган ички эрежелер киргизилген.

Мектептердин жана коледждердин жетекчилеринин ассоциациясынын башкы катчысы Пепе Ди Ясионун айтымында, өкмөт телефондорду сактоо үчүн каражат бөлсө максатуу болмок.

"Мектептерде уюлдук телефондорду колдонууга мыйзамдуу тыюу салуу чындыгында көп деле өзгөрүүлөрдү алып келбейт. Эгер өкмөт мектептерге уюлдук телефондорду, мисалы, шкафтарда же атайын баштыктарда коопсуз сактоо үчүн каражат бөлсө, пайдалуу болмок",- деген ал.

Мындай чектөө Балдарды коргоо мыйзам долбоорунун бир бөлүгү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан