Иран бийлиги мүмкүн болгон согуштун кайра башталышына даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Ирандын Tasnim News Agency агенттигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, Иран акыркы жумаларда аскердик даярдыгын күчөтүп, ар кандай кырдаалга даярдык көрүүдө. Ошондой эле каршылашууда колдонулуучу жаңы стратегиялар иштелип чыккан.
Иран бийлиги кырдаал курчуп, согуш аракеттери кайрадан жанданса, АКШ жана Израилге ыкчам жооп кайтарууга даяр экенин белгилешкен.
Белгилей кетсек, учурда АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүү өтөрү белгисиз бойдон калууда. Буга чейин сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы 22-апрелде Исламабад шаарында өтөрүн кабарлаган. Бирок буга эки тарап расмий билдирүү жасай элек.