Биз социалдык тармакта

Оманда төөлөрдүн сулуулук сынагындагы чатак: 20 төө ботокс үчүн четтетилди

Омандын Аль-Мусана шаарында өткөн төөлөрдүн сулуулук фестивалында чоң чатак чыкты. Ветеринардык текшерүүдөн кийин 20 төө сынактан дисквалификацияланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, адистер жаныбарлардын сырткы келбети жасалма жол менен өзгөртүлгөнүн аныкташкан. Айрым төөлөргө гиалурон кислотасы, ботокс, силикон жана гормондор колдонулганы белгилүү болду.

Сынактан четтетилген төөлөрдүн ээлери чоң аброй жоготууга учурады. Мындай ыкмалар жаныбарлардын ден соолугуна олуттуу зыян келтирип, инфекция, сезгенүү жана нерв жабыркашы сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Перс булуңунда төөлөрдүн сулуулук сынактары байыркы салт катары өткөрүлөт. Бирок жеңиш үчүн мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу мындай чатактарга себеп болуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан