Америкалыктардын 50 пайыздан ашыгы АКШнын Иранга каршы аскердик операциясын колдобойт. Мындай сурамжылоону АКШнын Echelon Insights компаниясы жүргүзгөнүн чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 51 пайызы АКШнын Иранга каршы аскердик аракеттерине каршы экенин билдирген. Ал эми 42 пайызы согуштук аракеттерди колдосо, 7 пайызы так жооп бере алган эмес.
Мындан тышкары, катышуучулардын 60 пайызы АКШ туура эмес багытта бара жатат деген пикирлерин билдиришкен. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын көбү АКШнын президенти Дональд Трамптын ишмердүүлүгүн төмөн деп баалашкан.