БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш АКШ президенти Дональд Трамптын Иран менен ок атышпоо келишимин узартуу тууралуу билдирүүсүн кубаттап, тараптарды конструктивдүү сүйлөшүүлөргө чакырды.
"Баш катчы АКШнын ок атууну токтотууну узартуу жөнүндөгү жарыясын кубаттайт. Бул деэскалация жана Иран менен АКШнын ортосундагы дипломатия үчүн мейкиндикти түзүүгө карай маанилүү кадам",- деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Билдирүүдө белгиленгендей, Гутерриш тараптарды ок атышпоо режимине доо кетире турган аракеттерден алыс болууга жана туруктуу жөнгө салууга жетишүү үчүн сүйлөшүүлөргө катышууга чакырат.
Андан тышкары, БУУнун башкы катчысы Пакистандын мындан аркы сүйлөшүүлөргө көмөктөшүү аракеттерин толугу менен колдойт. Буга удаа Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф Трамптын Иран менен ок атышпоону узартуу өтүнүчүн кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.