АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен ок атышпоо келишимин белгисиз мөөнөткө узарта турганын билдирди. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармактагы баракчасына жазган.
АКШнын лидери мындай чечим Иран өкмөтүндөгү олуттуу пикир келишпестиктерге байланыштуу жана Пакистандын өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен кабыл алганын белгилеп өткөн.
"Иран жетекчилиги жана өкүлдөрү бирдиктүү сунуш иштеп чыкканга чейин бизден соккуларды убактылуу токтото турууну суранышты. Биздин аскерлерге блокаданы улантууну жана бардык багыттар боюнча толук даярдыкта болууну тапшырдым. Ошондуктан ок атышууну токтотуу режими сүйлөшүүлөр кандайдыр бир жыйынтыкка жеткенге чейин узартылат",- деген Трамп.