Биз социалдык тармакта

Иран АКШ менен сүйлөшүүдөн дагы бир жолу баш тартты 

Иран Пакистан аркылуу Исламабадда өтө турган сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартканын билдирди. Бул тууралуу Ирандын Tasnim агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Тегеран Вашингтонду мурда макулдашылган талаптарды бузду деп айыптаган. Атап айтканда, АКШ Израилди Ливандагы аскердик аракеттерди дароо токтотууга мажбурлаган эмес жана Исламабаддагы биринчи сүйлөшүүдө ашыкча талаптарды койгон.

"Учурда АКШ тарап өз талаптарынан баш тарткан жок. Бул талаптар Иран элинин негизги укуктарына каршы келет. Сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болоруна ишеним жок",- деп жазылган андагы маалыматта.

Ошол эле учурда Иран тарап сүйлөшүүлөргө катышуу боюнча акыркы чечимин кабыл ала элек экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүү 22-апрелде Исламабад шаарында өтүшү мүмкүн экени айтылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан