Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Мирлан Жээнчороев депутат катары ант берди.
БШК ага 16-апрелде мандат тапшырган. Жээнчороев №21 шайлоо округунан депутат болуп келип отурат.
БШК ага мандат берердин алдында талапкер Чыңгыз Айдарбеков депутаттыктан баш тарткан болчу.
Эске салсак, 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалган. Анын ордуна №21 шайлоо округу боюнча Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши керек болчу. Бирок мандат берүү кечеңдеп, муну БШК Айдарбековго байланыштуу ИИМден тиешелүү маалымат күтүп жатканы менен түшүндүргөн. Айдарбеков БШК ага депутаттык мандатты негизсиз бербей жатканын айтып чыккан.